8-Март майрамыныздар менен куттуктайбыз!
Урматтуу суу чарба тармагында эмгектенген айымдар!
Урматтуу «Айыл чарбасынын өндүрүмдүүлүгүн жана тамак-ашты жакшыртуу» жана «Улуттук суу ресурстарын башкаруу Фаза 1» долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмүнүн айымдар жамааты!
Аял-эне, аял-жар, аял-дүйнөдө теңдешсиз асыл жан деп айтылгандай, ааламдагы баардык сулуулук, улуулук, аруулук, тазалык аялзатында! Аял заты тууралуу сөз болгондо биринчи кезекте эле акын Шайлообек Дүйшеевдин аялзатынын улуулугун даңазалаган төмөндөгү ыр саптары эске келет.
Ата-көз, бирок апаңдай,
Ал сага карек боло албайт.
Бул ыр саптары эненин улуулугун даӊазалап, аялзатынын жогорку ордун белгилейт.
Сиздерди тереӊ урматтоо менен,
«Айыл чарбасынын өндүрүмдүүлүгүн жана тамак-ашты жакшыртуу» жана
«Улуттук суу ресурстарын башкаруу Фаза 1» долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмүнүн мырзалар жамааты