Төмөнкү-Нарын бассейндик кеӊеши аракетте (кырг.)
2017-жылдын 8-июнунда Жалал-Абад шаарынын «Дастан» мейманканасынын жыйындар залында Төмөнкү-Нарын бассейндик кеӊешинин (мындан ары ТН БК) биринчи отуруму “Улуттук суу ресурстарын башкаруу Фаза 1” (мындан ары УСРБД-1) долбоорунун каржылык колдоосу аркасында болуп өттү.
Кыргыз Республикасынын Суу кодексине ылайык бассейндик уюмдардын эки түрүн — Мамлекеттик суу администрациясын жана Коомдук бассейндик кеӊештерин түзүү зарыл болгондуктан долбоор тарабынан ушул багытта олуттуу иштер аткарылып, жыйынтыгында Төмөнкү-Нарын бассейндик кеӊешинин биринчи отуруму уюштурулду. Бассейндик кеӊештердин милдеттерине — суу секторун көзөмөлдөө, бассейндик, сугат жана дренаж боюнча жергиликтүү комиссиялардын курамын бекитүү, бассейндик пландарды иштеп чыгуу жана аларды ишке ашыруу кирет. Ал эми бассейндик кеӊештердин максаттарына:
- бассейндик планды иштеп чыгуу, суу боюнча улуттук кеӊешине сунуш кылуу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген бассейндик кеӊештин ишинин тартибинин, эрежелеринин долбоорлорун даярдоо;
- негизги бассейндин ичиндеги суу секторунун ишин жөнгө салуу;
- бассейндик, сугат жана дренаж боюнча жергиликтүү комиссиялардын курамдарын бекитүү;
- Суу Кодексинде аныкталган башка милдеттерди аткаруу кирет.
Жогорудагы белгиленген максаттар менен милдеттерге ылайык, Төмөнкү-Нарын бассейндик кеӊешинин биринчи отурумуна: Жалал-Абад БСЧБнын кызматкерлери, РСЧБлардын башчылары, Жалал-Абад обласунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары — М.Т. Акматов, райондук мамлекеттик администрациясынын башчылары-акимдер жана башка мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери катышышты.
Чогулуштун төрагасы болуп Жалал-Абад бассейндик суу чарба башкармалыгынын башчысы — Ж. Атыбаев, катчы — М. Ибраимов шайланды.
Отурумдун күн тартибиндеги каралуучу маселелерге:
- Төмөнкү — Нарын Бассейндик кеӊешинин максаттары, аткара турган иштери, укугу;
- Төмөнкү — Нарын Бассейндик кеӊешинин төрагасынын орун басарын, мүчөлөрүн
жана жумушчу тобун бекитүү киргизилди.
Отурумдун программасына ылайык Төмөнкү-Нарын Бассейндик кеӊешинин отурумун Жалал-Абад облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары — М.Т. Акматов ачып, бүгүнкү күндө суу берүү, суу бөлүштүрүү боюнча көйгөйлүү маселелер жана жасай турган иштер көп экендигин белгилеп, ушул кеӊеш түзүлүп, келечекте жакшы иштерди аткарууга мүмкүнчүлүк түзүлөт деген ойдо экенин баса белгилеп кетүү менен бирге кеӊештин биринчи отурумун ийгиликтүү өткөрүү боюнча каалоо-тилектерин айтып кетти.
Кийнки сөз Жалал-Абад бассейндик суу чарба башкармалыгынын башчысы, Төмөнкү-Нарын Бассейндик кеӊешинин төрагасы — Ж. Атыбаевга сөз берилип, ал Бассейндик кеӊештин аткара турган иш-чараларына токтолуп, суу тармагындагы көйгөйлөрдү чечүү керек экендигин белгилөө менен отурумдун күн тартиби менен катышуучуларды тааныштырды.
Андан соӊ сөз кезеги «Улуттук суу ресурстарын башкаруу Фаза 1» долбоорунун 1.3 компонентинин кеӊешчиси — Нургазы Маматалиевге берилип, ал өз кезегинде Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы Суу чарба жана мелиорация департаментине караштуу Дүйнөлүк банк, Ѳнүктүрүү жана кызматташтык бюонча Швейцария агенттиги каржылаган «Улуттук суу ресурстарын башкаруу-1» долбоору ишке ашырылып жаткандыгы тууралуу, ошондой эле ушул долбоордун ичинде Кыргызстанда дарыялардын гидрографиялык жайгашуусуна карата беш бассейнге бөлүнөөрү, бассейндик кеӊеш кантип түзүлөөрү, кандай маселелер көтөрүлөөрү жөнүндө презентация жасады.
Ал эми бассейндик кеӊештин мыйзамдары жана укуктары жөнүндө УСРБ-1 долбоорунун 1.3 компонентинин бассейнди пландаштыруу боюнча адис – Дамира Сыдыкова маалымат берди.
Мындан сырткары отурумга Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким — А. Маматов, Суу чарба жана мелиорация департаментинин КОБнүн башкы адиси — А. Кадырбеков, Мамлекеттик экологиялык техникалык инспециясынын региондор аралык башкармалыгынын башчысы — Б. Жунусалиев, Ноокен РСЧБсынын башчысы — К. Кудайбердиев активдүү катышышты.
Жыйынтыгында бассейндик планды түзүү боюнча 16 кишиден турган жумушчу топтун курамы бекитилип, кеӊештин төрагасынын орун басары шайланды. Отурумдун жүрүшүндө көйгөйлүү маселелер козголуп, кызуу талкуу жүрүп, жогорку деӊгээлде өттү.