Мыкты адистер ийгиликке өбөлгө
Суу чарба жана мелиорация Департаментинин алдындагы “Улуттук суу ресурстарын башкаруу, Фаза-1” долбоорунун алкагында ушул жылдын 27- июль айында Талас, Чүй, Нарын, Ысык-Көл жана 31-июлунда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын СПАларды колдоо бөлүмдөрүнүн адистери үчүн семинарлар өткөрүлдү.
Бул семинарларда Суу пайдалануучулар ассоциацияларынын зоналдык өкүлдөрүнүн, СПАнын кеңешинин, текшерүү жана чыр-чатактарды чечүү комиссияларынын иштери, бухгалтердик эсеп жүргүзүү, СПАлар жана алардын кошуундары тарабынан алынган насыялардын кайтарымы тууралуу темалар камтылып, катышуучуларга кеӊири маалымат берилип, пикир алмашуулар болуп өттү.
Андан сырткары семинардын катышуучуларына СПАнын адистерин окутуу, СПАнын маалымат базасын түзүү жана башка СПАларды колдоо бөлүмдөрү тарабынан жүргүзүлүүчү иштер боюнча түшүндүрмөлөр берилди.