«Коомдук Суу чарба кеӊештерин түзүү, өнүктүрүү жана жалпы башкаруу” деген темада семинар- жолугушуу Талас облусунда болуп өттү (кырг.)
2017-жылдын 8-июнунда Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу “Бай-Бол” конок үйүнүн жыйындар залында “Улуттук суу ресурстарын башкаруу Фаза 1” (УСРБД Ф-1) долбоорунун каржылык колдоосу менен “Коомдук Суу чарба кеӊештерин түзүү, өнүктүрүү жана жалпы башкаруу ” деген темада семинар- жолугушуу болуп өттү. Окутуучу-тренерлер: К.Жумаев, Р.Масалбеков.
Семинардын максаты: Долбоордо каралган Талас облусунун Бакай-Ата жана Кара-Буура райондорунун суу пайдалануучуларына сугат сууну жеткизип берүүдө тейлеген алты пилоттук системанын катарына кирген райондор аралык “Чоӊ Талас Каналында” коомдук суу чарба кеӊештерин өнүктүрүү болуп эсептелинет.
Семинардын катышуучулары: Талас облустук суу башкармалыгынын, Бакай-Ата, Кара-Буура райондук суу башкармалыгынын, Талас облустук мелиоративдик экспедициянын, Талас облустук, Бакай-Ата жана Кара-Буура райондук СПАларды колдоо бөлүмдөрүнүн адистери жана жогоруда аталган эки райондун ЧТКдан сугат суусун алып пайдланышкан СПАлар, айыл өкмөттөрдүн өкүлдөрү, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын өкүлдөрү болуп бардыгы 43 адам катышышты, анын ичинен 4 аял киши.
Семинарды программага ылайык Талас облустук суу чарба башкармалыгынын жетекчиси – Б. Батыркулов ачып, суу чарба кеӊештерин түзүү азыркы замандын талабы экенин, бул иш-чара СПАларды өнүктүрүүдөгү, колдоодогу кезектеги баскыч катары баалап, семинардын катышуучуларына жана ишине ийгиликтреди каалады.
Программага ылайык Бакай-Ата районунун ЧТКнын астында гидрографиялык принципте жайгашкан СПАлар жөнүндө Бакай-Ата райондук СПАларды колдоо жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы жана “БТК” коомдук суу чарба кеӊешинин төрагасы Н. Жаманкулов катышуучуларга кеӊири маалымат берип, суроолорго жооп берди.
Андан соӊ Кара-Буура райондук СПАды колдоо бөлүмүнүн башчысы жана “Ак-Мөӊгү” коомдук суу чарба кеӊешинин төрагасы У. Намазбеков ЧТКнын алдында гидрографиялык негизде жайгашкан бардык суу пайдалануучулар тууралу маалымат берип, катышуучулар берген суроолорго жооп берди.
Программа боюнча презентацияны Улуттук суу ресурстарын башкаруу долбоорунун адиси К. Жумаев жалпы алты пилоттук система туурасында кеӊири маалымат берип, презентация жасады. Прентациянын өзөгү Коомдук Суу чарба кеӊештерин түзүү максаттары, себептери, жоболору жөнүндө болду. Коомдук Суу чарба Кеӊешинин негизги милдеттери:
- Өз аймагынын чегинде сугат суу менен адилеттүү жана теӊ тейлөө жана камсыз кылуу боюнча суу пайдалануучулардын ишмердигин координациялоо;
- Өз аймагынын чегинде суу ресурстарын жана ирригацияны тейлөө жана башкаруу боюнча суу пайдалануучулардын ишмердигин координациялоо;
- Айыл чарба багытындагы жерлердин бардык жеке менчик ээлерин жана суу пайдаланучуларын сугат суу менен адилеттүү жана теӊ камсыз кылуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- Өз аймагынын чегинде ирригациялык түйүндү техникалык тейлөө эрежелерин жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу ж.б.
Кийинки презентацияны “Улуттук суу ресурстарын башкаруу-1” долбоорунун адиси Р.Масалбеков жасады, ал негизинен төмөнкү багыттарга кеӊири токтолду:
- Коомдук суу чарба кеӊешин жалпы башкаруу;
- КСЧК нин ички регламенти;
- Суу бөлүштүрүүдө маселелерди жамааттык, эркин жана ачык талкуулоо жана аларды чечүүдө макулдашылган иш аракеттерди жүзөгө ашыруу;
- Кеӊештин ишмердүүлүгүндө бардык суу пайдалануучулардын толук катышуусун камсыздоо;
- Кеӊештин ишмердүүлүгүндө адилеттүү жана демократиялык чечимдерди кабыл алуу;
- Өкүлдөрү Кеӊешке мүчө болгон бардык суу пайдалануучулар үчүн сугат сууну адилеттүү жана теӊ бөлүштүрүүнүн кепилдигин камсыз кылуу;
- Сугат сууну үнөмдүү жана рационалдуу пайдаланууга суу пайдалануучуларды кызыктыруу;
- Мүчөлөр үчүн Кеӊештин ишмердүүлүгү жөнүндө эркин маалымат алууга кепилдик берүү.
Жогорудагы эки презентациядан кийин катышуучулар суроо – жооп алышып, коомдук суу чарба кеӊеши бүгүнкү күндө актуалдуу уюм экендигине ынанышты.
Андан кийин жарыш сөзгө төмөнкү өкүлдөр чыгып, ар кандай маселелер, көйгөйлөр туурасында талкуу кызуу жүрүп, суроо-жоопторду алышты:
- Сейдалиева А.- Талас областык СП бөлүмүнүн башчысы;
- Алиева Ч. – Талас областык мелиоративдик экспедициянын башкы адиси;
- Сапарбаев Б. – Кара-Буура райондук суу чарба башкармалыгынын башкы инженери;
- Темирбеков М. – Аманбаев атындагы айыл өкмөттүн башчысы;
- Жусупбеков А. – “Жайылган-Суу” СПА нын директору;
- Усенов Б. – Талас областык ОГРдин инженери;
- Калматов Н. – “Тамчы-Булак” СПА нын директору;
- Назаралиев Н. – “Сары-Кобон” СПА нын директору;
- Курманалиев Н. – “Курама-Тор” СПАнын директору;
- Молдобеков З. – Талас областык СПАларды колдоо болумунун башчысы;
- Кубанычбеков А. – Бакай-Ата районунун агро бөлүмүнүн башчысы;
- Акылбек у.Д – “Кош-Булак” СПАнын директору;
- Сурапов Э. – Оро айыл өкмөтүнүн башчысы ж.б.
Бардык сөз сүйлөгөн катышуучулар өз көйгөйлөрү менен бөлүшүп, аны коомдук суу чарба аркылуу чечүү боло турганын айтышты. Кээ бир катышуучулар ЧТКнын алкагында бир эле коомдук суу чарба кеӊешин түзүү керек экендигин сунушташып, талкуудан кийин эки райондогу суу чарба кеӊештерин өз-өзүнчө калтыруу керек деп бир чечимге келишти. Айрым катышуучулар ушундай форматта семинар-жолугушуулар долбоор тарабынан тез-тез өткөрүлүп турса деген сунуштарын, калоо тилектерин билдиришти.
Семинардын жыйынтыгында, катышуучулар коомдук суу чарба кеӊеши туурасында кеӊири маалымат алышып, практика жүзүндө колдонушаарын жана башка системаларга да тажрыйба бөлүшүп жайылтаарын белгилешти.
Семинардын соӊунда токтомдор түзүлүп, суу чарба кеӊештеринин төрагалары тарабынан кол коюлду.